Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт.

Мэриянын маалыматына ылайык, 4-апрелде эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Фрунзе көчөсү, Манас, Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта таза суу болбойт.

Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Аталган аймакта жайгашкан турак үйлөрдүн тургундары жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы зарыл.