“Кербен” аэропортун оңдоо иштери август аягына чейин бүткөрүлүшү керек

Аксыдагы “Кербен” аэропортун оңдоо иштери ушул жылдын август аягына чейин бүткөрүлүшү керек.

Мындай тапшырманы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилигине берди, — дешти парламенттин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, учурда аба майдандын аэробекети заманбап шартта толугу менен оңдолгон.

Бирок учуу тилкелерин кеңейтүү жана аларды асфальттоо иштери аягына чыга элек.

Жалал-Абад облусундагы “Кербен” аэропорту ишке берилсе Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун, Таш-Көмүр шаарынын жана Шамалдуу-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларынын 350 миңден ашуун тургундары үчүн борборго каттоого шарт түзүлөрү белгиленди.