“Пари Сен Жермен” форвард Лионель Месси менен келишимди 2024-жылга чейин узартуу ниетинде

“Пари Сен Жермен” форвард Лионель Месси менен келишимди 2024-жылга чейин узартуу ниетинде. Бул тууралуу Марса билдирет. Маалыматка ылайык, аргентналык футболчу акыркы чечимди дүйнө чемпионатынан кийин кабыл алат.

 

Француз клубунун жетекчилери Месси бир жылдан кийин жакшы оюн көрсөтүп баштайт деген пикирде.

 

Андан тышкары, Лионель Месси “ПСЖга” өткөндөн кийин клубдун кадыр баркы өсүп, 10 демөөрчү менен жаңы келишимдер түзүлгөн.