Лионель Месси “Барселонада” кала турганын расмий жарыялады

Лионель Месси “Барселонада” кала турганын расмий жарыялады. Футболчунун айтымында, ал клубдун ишине канааттанбаганы үчүн кетүү оюнан кайткан жок, болгону сот процесстерине катышкысы келбегени үчүн, клубда калууну чечти.

 

Лионель Месси “Барселона” клубунун жаңы машыктыруучусу Рональд Куман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин клубдан кетүү чечимин кабыл алгандыгы айтылган. Көп өтпө ага бир катар беделдүү клубдардан келишим түзүү сунуштары түшө баштаган.