Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжи менен беттешке чыгышы ыктымал

UFC уюмунун жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов наамын коргоо үчүн

Жастин Гэтжи менен беттешке чыгышы мүмкүн. Беттеш 19-сентябрда өтүшү ыктымал.

Азырынча турнир өтө турган орду аныктала элек. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Лас-Вегас же Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн.

2020-жылы 10-майда жеңил салмактагы убактылуу чемпиондук кур үчүн мушкер Жастин Гэтжи менен

Тони Фергюсондун беттеши болгон. «UFC 249» турниринин алкагындагы беттеш АКШнын Жексонвилль шаарында өттү.

Беттештин жыйынтыгы менен Гэтжи жеңүүчү аталды. Акыркы раундда ал атаандашына бир нече жолу так сокку уруп, калыстар беттешти токтотушкан. Турнирдин алдында UFC уюмунун президенти Дана Уайт бул турнирдин жеңүүчүсү Хабиб Нурмагомедов менен беттешерин билдирген болчу.