Эртең, 13-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алат.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Өлкө биринчилигине 10 килограмм салмак категориясында балбандар күч сынашат.
Мелдеш 13-14-январда спорт сарайында өтөт. Өлкө чемпионатын өткөрүү
максаты — Кыргызстандын курама командасынын Азия чемпионатына жана
башка эл аралык мелдештерге катышуу үчүн тандап алуу.