Парламент бала бакчалардын тамагына бюджеттен акча бөлүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Парламент бала бакчалардын тамагына бюджеттен акча бөлүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү депутаттар талкуусуз колдоду.

 

Документте мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын тамак-ашына акча мамлекеттен чегерилери жазылган.

 

Эске салсак, былтыр күздө Каржы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда ата-энелердин эсебинен тамактануу уюштуруларын билдирген. Демилге коомчулукта бир топ нааразылык жараткан.