Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды

Бишкекте ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди.

 

Ал белгилегендей, быйыл ордо калаанын ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында пландалган масштабдуу иштерге байланыштуу ысык суу узак мөөнөткө өчүрүлөт.