Бишкекте акыркы коңгуроону кадимки форматта өткөрүү пландалууда

Бишкекте акыркы коңгуроону кадимки форматта өткөрүү пландалууда.

Вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, салтанатты аралыктан өткөрүүнүн

эч кандай артыкчылыгы жок. Балдар ансыз деле мектепке келип, бири-бири менен байланышта.

Андан улам, салтанат атайын иштелип чыккан алгоритмдин негизинде санитардык

эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт. Мындай чечим штабдын жыйынында кабыл алынды.

Эске салсак, буга чейин өлкө боюнча мектептерде акыркы коңгуроо онлайн-форматта өтөрү айтылган.