Референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы добуш берди

Референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы добуш берди.

Бул тууралуу Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 96 пайыз автоматтык эсептөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгына караганда,

1 миллион 325 миң адам добуш берген. Анын 79 пайызы жаңы Баш мыйзамдын долбоорун колдосо,

13 пайызы каршы добуш берди. Белгилеп кетсек, Референдумга

30 пайыздан кем эмес шайлоочу катышса өттү деп эсептелет.