10-апрелде шайлоо жана референдумдун алдында “Тынчтык күнү” жарыяланат

10-апрелде шайлоо жана референдумдун алдында “Тынчтык күнү” жарыяланат.

БШКнын маалыматына ылайык, шайлоо тилкелеринин ачылышына бир күн калганда

бардык үгүттөө өнөктүгү токтотулат. Аларга партия өкүлдөрүнүн ММКлар аркылуу сүйлөшү,

жыйындар, жолугушуулар жана шайлоо алдындагы көрсөтүлүп жаткан роликтер кирет.

Баннер жана билборддор азырынча илинген ордунда тура берет. Эске салсак,

“Тынчтык күнү” добуш берүүчүлөргө туура тандоого жана акыркы чечим кабыл алууга берилет.