Парламенттик шайлоонун катышуучулары күрөө акысын 18-октябрь кечки саат 6га чейин тапшырышы керек

Парламенттик шайлоонун катышуучулары күрөө акысын 18-октябрь кечки саат 6га чейин тапшырышы керек. БШКнын маалыматына ылайык, кечиккендер же сумманы такыр төкпөгөндөр жарышка катышпайт.

 

Партиялар үчүн күрөө акысы   1 миллион сом, ал эми бир мандаттуу талапкерлерге 100 миң сомду түзөт. Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 28-ноябрга белгиленди. 54 депутат саясий партиялардан жылдырылса, 36 депутат бир мандаттуу округдарда шайланат.