FIFA президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга азырынча келбейт

FIFA президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга азырынча келбейт.

Кыргызстан футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов билдиргендей,

Швейцариянын Федералдык саламаттык мекемеси биздин өлкөнү кооптуу

мамлекеттердин катарына киргизген. Андыктан Инфантино Кыргызстан

тизмеден чыккандан кийин келет. Эске салсак, Жанни Инфантино

Кыргызстанга аба каттамдар ачылса келерин 10 күн мурда билдирген.

Алгачкы жолугушуу апрель айында уюштурулмак болчу.