БШК добуштарды кол менен эсептөөнү улантууда

БШК добуштарды кол менен эсептөөнү улантууда. Комиссиядан билдиришкендей, 15-январга карата чет өлкөдө жайгашкан 5 шайлоо участогунан бюллетендер келе элек.

 

Кол менен эсептөөдө берилген добуштарда өзгөрүү болгон эмес. Эске салсак, 10-январда Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү.

 

Шайлоолорго ат салышкан 17 талапкердин ичинен баштапкы маалыматтар боюнча Садыр Жапаров 79 пайыз добуш менен алдыга чыкса,  81 пайыз добуш берүүчүлөр президенттик башкарууну тандаган.