Ош облусунда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ун таратылууда

Ош облусунда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ун таратылууда.

Аймактын администрациясынан билдиришкендей, өкмөт тарабынан муктаждарга карата

330 тонна ун бөлүнүп берилген. Учурда жардамдын 75 пайызы өз даректерине жеткирилди.

Белгилеп кетсек, Ош облусунда 28 миң аз камсыздалган үй-бүлө бар. Мындан тышкары

жергиликтүү бийлик органдары тарабынан милиция, дарыгер жана мамлекеттик,

муниципалдык мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө 30 тонна ун бөлүнүп берилди.