Бүгүнкү Кыргызстан менен Сингапурдун футбол боюнча беттеши саат 19:00до башталат

Бүгүнкү Кыргызстан менен Сингапурдун футбол боюнча беттешине көрүүчүлөр киргизилбейт.

Оюн Бириккен Араб Эмирлигинин Шаржа шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де башталат.

Бул эки команданын 20 жылдан кийинки алгачкы беттеши болот. Жолугушуу 2023-жылы өтө турган

Азия кубогуна тандоо туруна даярдануунун алкагында уюштурулат. Кошумчаласак, учурда

биздин Ак-Шумкарлар ФИФА рейтингинде 96-сапта жайгашса, Сингапур курамасы 160-орунда турат.