Айрым шайлоо тилкелериндеги жыйынтык жараксыз деп табылды

Айрым шайлоо тилкелериндеги жыйынтык жараксыз деп табылды.

Кеп, мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу

формасын аныктоо боюнча референдум тууралуу болуп жатат.

БШКдан билдиришкендей, сегиз добуш берүү тилкесинде добуштарды саноодо,

жыйынтык чыгарууда эреже бузуулар аныкталды. Тилкелер Ош, Нарын жана

Лейлек шаарларына, Кара-Суу, Кадамжай жана Араван райондоруна туура келет.

Эске салсак, расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана

талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарылат