Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 23кө жетти.
Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Арыздарды
кабыл алуу 3-сентябрда, кечки саат 6да аяктайт. Ал эми үгүттөө өнөктүгү
29-октябрда старт алат. Шайлоонун өзү 28-ноябрга белгиленди.