Мамлекеттик ипотекалык компания 14 пайыздык чен менен насыяларды берүүнү жандандырды

Мамлекеттик ипотекалык компания 14 пайыздык чен менен насыяларды берүүнү жандандырды. Бул тууралуу уюмдун басма-сөз кызматынан билдиришти. Кеп, “Жеткиликтүү турак-жай” программасы тууралуу болуп жатат.

 

Анын алкагында, Бишкек жана Ош шаарларынын бюджеттик эмес мекемелерде иштеген тургундары дагы ипотекалык насыя ала алат. Бул үчүн алар батир баасынын  20 пайызын алгачкы төлөм катары бериши шарт. Ипотека алуу үчүн тиешелүү документтер топтомдорун жергиликтүү бийлик органдарына тапшыруу керек.