Жаңы айдоочулук күбөлүктөр 4 күндүн ичинде даяр болот

Жаңы айдоочулук күбөлүктөр 4 күндүн ичинде даяр болот.

Бул тууралуу Мамлекеттик “Унаа” ишканасынын директору Алымжан Козубаев билдирди.

Анын айтымында, документтин даяр болгону тууралуу жарандарга смс билдирүү жиберилет.

Козубаев белгилегендей, жаңы бланктын баасы бир кыйла арзандады. Мурда 925 сом болуп келсе,

учурда ал 100 сом 86 тыйын болду. Белгилеп кетсек, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү

алуу жана алмаштырууга арыздар 9-декабрдан тарта кабыл алына баштады.