Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине караштуу 46 гезит-журнал жоюлду

Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине караштуу 46 гезит-журнал жоюлду.

Бул тууралуу аталган департаменттин башчысы Салкын Сарногоева билдирет.

Анын айтымында, облустарда иштеген 600 кызматкердин 110ну кыскартылып,

калгандарынын маянасы 15 пайызга көбөйдү. Учурда жети облуста

медиа борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ага облустук телеканал

менен гезиттер бириктирилет. Жаңы жылдан баштап аймактык медиа борборлорду

н бирдиктүү маалымат сайты да иштей баштайт, — деди Сарногоева.