Польшадан келген медициналык топ Бишкектеги Республикалык жугуштуу
оорулар клиникалык ооруканасында иштеп баштады.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан
8 медициналык кызматкерден турган топ келди. Дарыгерлер Бишкек, Ош жана
Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы
күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтөт.