Стамбулдан келген 16 жаран обсервацияга алынды

Стамбулдан келген 16 жаран обсервацияга алынды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, алар Ысык-Көл облусунун тургундары болгондуктан,

аталган аймакка жеткирилет. Эске салсак, Түркиядан жалпысынан 211 биздин өлкөнүн

жарандары учуп келди, алардын 198инин анализи таза чыкты. Белгилеп кетсек,

аталган өлкөдөн кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу боюнча

башкы консулдук жарандардын тизмесин түзүп жатат.