Дүйнө чемпионатынын дагы эки чейрек финалчысы аныкталды. Кечээ Хорватия курамасы Японияны пенальти сериясы менен утуп чыгып, жолдомого ээ болду. Ал эми кийинки беттеште Бразилия – Түштүк Корея оюн талаасына чыгып, жолугушуу 4:1 эсеби менен аяктады.
Голдорду Виниссиус Жуниор, Неймар, Ришарлисон жана Лукас Пакета киргизди.
Жооптуу бир топтун автору — Пайк Сенг Хо. Муну менен Туштүк Корея жана Япония үйлөрүнө кайтат, ал эми Хорватия – Бразилия курамалары чейрек финалдын алкагында жума күнү кечки саат 9да ойнойт.