Катарда стадиондордо сыра сатууга тыюу салынды

Катар бийлиги Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан стадиондордо сыра сатууга тыюу салды. Бул тууралуу ФИФАнын сайтында жазылган.
Федерация менен Катар бийлигинин сүйлөшүүсүнөн кийин сыраны фан-зоналарда жана башка лицензияланган аянттарда гана сатуу чечимине келишкен.
Федерациянын сыра өндүрүүчү бренддер менен миллиондогон долларлык келишимдери бар. Айрым маалыматтар боюнча сыра өндүрүүчүлөр менен төрт жылга түзүлгөн келишим 75 миллион долларды түзөт.
Ал эми Евронюс басылмасы: «Эгерде Катар бийлиги беттештер өткөн күндөрү аны сатууга тыюу салса ФИФА ири келишимин аткара албай калат. Буга чейин Катар бийлиги сыра саткан кичинекей орундуктарды эл аз жакка жылдырууну талап кылып жаткан, бирок чемпионатта аз убакыт калганда аны стадиондордо сатууга тыюу салган. Суусундуктарды жана алкоголсуз сыраны чемпиондук өтүп жаткан бардык аймактардан алууга болот», — деп жазды.