Кыргызстандыктар ноябрда 4 күн катары менен эс алат.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей,
7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет.
Быйыл бул күндөр ишемби жана жекшембиге туура келгендиктен дем алыш күндөр
дүйшөмбү жана шейшембиге тагыраагы, 9 жана 10-ноябрга жылдырылат.
Мындан улам 7,8,9 жана 10-ноябрда кыргызстандыктар эс ала алышат.