Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлору таңкы саат 8ден кечки 8е чейин ачык болот

Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлору таңкы саат 8ден кечки 8е чейин ачык болот.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдиргендей, борборлор

мындай иш тартиби менен эртеңден тартып иштеп баштайт. Мындай чаралар алдыдагы

президенттик шайлоого байланыштуу жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырууга,

паспортторду алмаштыруу же башка маселелерди чечүүгө үлгүрүш үчүн көрүлүп жатат.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январда өткөрүлөт