Президент электр энергиясы кымбаттай турганын билдирди

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү энергетикалык абал тууралуу билдирүү таркатты.

Ал соңку учурдагы электр энергиясын өчүрүүнүн негизги себеби бул тармактагы жабдуулардын 80 пайызы эскирип калганы, ички электр өндүрүү көлөмү колдонуу талабынан ашып кеткени менен түшүндүрдү.

Азыркы жарыкты өчүрүүнү ал авариялык деп атады.

Буга байланыштуу электр тарифи 77 тыйындан бир сомго көтөрүлө турганын билдирди.