Быйылкы ажылык сапарга каттоо 24-январдан тарта башталат.
Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт.
Ушул убакыт аралыгында 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер 1 миң долларды банкка төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү тараптарга тапшыруусу керек.
Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалагандарды каттоо ID-картанын негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин болот.
Талапкерлер 1000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөшү шарт.
Ажылыкка каттоо Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.