Кыргызстанда энергетика компанияларын бириктирүү аяктады

Кыргызстанда энергетика компанияларын бириктирүү аяктады.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасы энергетика тармагын реформалоонун алкагында бир катар компаниялар ирилештирилгенин билдирди.

Ага ылайык, энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» акционердик коомуна бириктирилип, абоненттерди тейлеген бир мекеме түзүлдү. Ошондой эле «Бишкекжылуулуктармактары» акционердик коому «Электр станциялары» ишканасына кошулду.

Мекемелерди бириктирүүнүн натыйжасында 1 миллиард сом үнөмдөлөрү айтылууда.