Жогорку Кеңеш “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарып берди

Жогорку Кеңеш “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарып берди.

Бул тууралуу парламенттин сайтында жазылды. Аталган мыйзам долбоорду талкуулоодо депутаттар

министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө мамлекеттик сыйлык ыйгарылган учурда аларга кол тийбестик

берүү жөнүндөгү жобого көңүл бурушту. Андан тышкары, депутаттар Министрлер кабинетинин

мүчөлөрү кызматтык турак-жайдан пайдалана алышат деген нормага каршы чыгышты.