Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Садыр Жапаровду бекитти

Кыргызстандын премьер-министри болуп Садыр Жапаров бир добуштан бекиди.

Белгилей кетсек, ушул тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат.

 

Бул күнү күн тартибине Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү жана өкмөттүн курамын дайындоо маселелери коюлган.

 

Эске салсак, Бишкек шаарында 5-октябрдаЖогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, кечке «Ала-Тоо» аянтында турган. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан «Ала-Тоо» аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.