Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү бекитүү жөнүндө токтомду парламентке кайтарды

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомун артка кайтарды.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин токтомунун көчүрмөсү аппаратка 12-октябрда келип түшкөн.
Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, президент Жогорку Кеңештин токтомун үч күндүн ичинде карап, премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат. Эгерде мамлекет башчы бул мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, токтом күчүнө кирип, алар дайындалган болуп эсептелет.

 

Бул жобо «Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгүндө да каралган.
Президенттик аппараттын маалыматында:

«Жогорку Кеңештин 12-октбярда келип түшкөн токтому коомчулукта кеңири талкууланып, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү шек жаратууда. Конституциянын 77-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин жыйыны ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзамдуу болот.

«Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 82-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын отурумдары кворум болсо, анда жыйын мыйзамдуу деп табылып, ал эми кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу күчкө ээ болот. Ушундан улам, кворумдун болушу 61 депутаттын физикалык түрдө катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт. Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 10-октябрындагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган.

Ушундан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелет», деп жазылган.

Президенттик аппарат дал ушул себептен улам мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында кабыл алынган чечимдердин негизинде бекитилген токтомду артка кайтарганын белгилөөдө.

 

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүп жатат. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

 

10-октябрда парламенттин бир катар депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыкта абактан тарапташтары бошоткон Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы белгилүү болгон. Андан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Жапаров ишке расмий киришкенин жарыялады.

Парламенттеги башка бир топ депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол коё элек. Президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттү дайындоо тууралуу жарлык чыгарбаса, өкмөт дайындалды деп эсептелет.

Буга чейин Жээнбеков абал турукташкан соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген болчу.