Дубайда заманбап архитектуралык стилдеги мечит ачылды

Дубайда заманбап архитектуралык стилдеги мечит ачылды. Маалыматка ылайык, куб формасындагы мечит 500 адамга ылайыкташкан. Жалпы аянты 15 миң чарчы метрди түзгөн мечит күнү-түнү иштейт.

 

Анда намазга келген ар бир адам “Al Hosn” тиркемесин смартфонго жүктөп алышы керек. Куранды электрондук нускасында гана окууга болот. Кире бериште жана чыкканда чогулуп, кол алышып, бири-бирин кучактоого тыюу салынды.