Ысык-Көл облусунун жетекчисине эскертүү берилди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге эскертүү берди. Буга чейин облустук
штабдын чечими менен Ысык-Көлгө кирүүгө тыюу салынган, ал эми кирүү учурунда
жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү
жөнүндө маалымкат талап кылышкан. Бул чечимдер Республикалык штабдын
сунуштамаларына жана Саламаттыкты сактоо министрлиги
бекиткен алгоритмине дал келбейт», деп белгиленди.