Айдит Эркин Нидерланды жана Люксембургдагы элчи болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айдит Эркин Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Нидерланды Королдугундагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

 

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.