Президенттик шайлоолорго талапкерлерден арыз кабыл алуу эртең, 14-ноябрда токтотулат

 

Президенттик шайлоолорго талапкерлерден арыз кабыл алуу эртең, 14-ноябрда токтотулат. БШКдан билдиришкендей, учурга карата өлкөнүн башкы постуна 24 адам талапкерлигин жылдырды.

 

Талапкерлерди каттоо 14-декабрга чейин созулат, андан кийин үгүт кампаниясы старт алат. Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 2021-жылдын 10-январында өтөт.