Унаа жана жолдор министрлигинин адистери Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларын кардан тазалоону улантууда

Унаа жана жолдор министрлигинин адистери Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларын кардан тазалоону улантууда. Ведомстводон билдиришкендей, иштерге бир нече атайын техника тартылды.

 

Трассаларда муз тонушун алдын алуу үчүн 160 тонна инерттүү материал колдонулду. Учурга карата жолдордо тыгындар жок, унаалар эч кыйынчылыгы жок жүрүүдө. Алыскы сапарга чыккан айдоочулар машинелерин жакшылап даярдап алганы оң, дешет жолчулар.