Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоо 100-200 миллион сомго айланат. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти. Андан такташкандай, чыгымдардын көбү комиссия мүчөлөрүнүн айлыгына багытталат.
Эске салсак, шайлоолордогу көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу, аталган 3 шаарда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. 1 ай ичинде президент кайра шайлоонун күнүн бекитиши керек.
Эске салсак, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерин шайлоо өтүп, 28 шаардык жана 420 айылдык кеңеш депутаттары шайланган.