Кечээ 3 шаарда 188 миңден ашык адам добуш берди. Бул 3 калаада каттоого алынган добуш берүүчүлөрдүн 30 пайызын түзөт, — дешти БШКдан.
Алдын ала эсепке ылайык, Бишкекте 85 миң 411, Ошто 56 миң 610, ал эми Токмокто 13 миң 686 жаран шайлоого катышты.
Эске салсак, 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өтүп, бирок мыйзам бузуулардан улам жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шалйоо кечээ өттү.