Премьер-министрликке талапкер президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылынат

Премьер-министрликке талапкер президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылынат.

Парламенттеги башкаруу коалициясы азырынча өкмөт башчылыкка талапкерди сунуш кыла элек.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, парламенттик көпчүлүк өкмөт башчынын талапкерлигин азыркы Конституцияга ылайык көрсөтөт.

Эске салсак, учурда Кыргызстан премьер-министринин милдетин Артем Новиков аткарып жатат.