Италиялык «Versace» мода үйү эми кийим жана бут кийим чыгарууда
кенгурунун терисин колдонбойт. Кенгурунун терисин колдонуудан баш тартуу
Австралиядагы масштабдуу өрт менен түздөн-түз байланыштуу эместиги,
мындай чечимге италиялык жаныбарларды коргоочулар тарабынан
болгон кысым түрткү болгондугу айтылган. Буга чейин Австралияда
былтыркы жылдын сентябрында башталган масштабдуу тилсиз жоонун
кесепетинен 1 миллиарддан ашык жаныбар күйүп кетти.