Республикалык олимпиаданын 2-туру жаңы шарт менен өтөт

Республикалык олимпиаданын 2-туру жаңы шарт менен өтөт.

Анын өзгөчөлүгү тапшырмаларды мурдагыдай райондук жана шаардык

билим берүү бөлүмдөрү эмес, көз карандысыз эксперттер берет.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, тапшырмалар сынак

үчүн жооптуу кызматкерлердин электрондук даректерине бир мезгилде жөнөтүлөт.

Ар бир тур жыйынтыкталгандан кийин калыстар үчүн баалоо критерийлеринин

инструкциясы жиберилет. Белгилеп кетсек, 19-20-декабрь күндөрү өтө турган

республикалык олимпиаданын экинчи туруна 27 миңдей окуучу катышат.