Кыргызстан эгемендик алгандан бери 2,5 миллиард долларга жолдор курулду.
Көз карандысыз жылдары 5 эл аралык коридор салынды. Алар, Бишкек-Ош,
Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Сарыташ-Эркечтам, Ош-Баткен-Исфана,
«Суусамыр-Талас-Тараз» жолдору. Андан тышкары, Түндүк-Түштүк
альтернативалык жолунун курулушу жүрүп жатат.