Менчик мектептерге окуу акысын азайтуу сунушталды.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда сабактар онлайн түрүндө аралыктан өтүп жаткандыктан,
окуучулардын тамак-ашына, канцелярдык товарларга жана коммуналдык төлөмдөргө
жумшалуучу чыгымдар жок. Бирок имараттын ижара акысы төлөнүшү керек.
Мындан улам ата-энелер жана жеке менчик мектептердин
администрациялары өз ара сүйлөшүп, эки тарапты тең канааттандырган
макулдашуу каралашы зарыл, — дешти ведомстводон.