Кыргызстада колледждерге кабыл алуу жүрүүдө

Кыргызстада колледждерге кабыл алуу жүрүүдө. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, процедура онлайн өтүп жатат. spuz.edu.gov.kg сайтында абитуриент тизмеден окуу жайды тандап, адистигин белгилеп, каттоодон өтүшү керек.

 

Биринчи тур 31-июлга чейин, экинчиси 1-августтан 20сына чейин созулат. Кошумчаласак, жалпысынан республикада 144 колледж бар.