Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү коронавируска байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү коронавируска байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевин айтымында, дартты алдын алуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

 

Чек ара бекеттеринде обсервациялык бөлмөлөр каралган. Өлкө аймагына кирген жарандардын бардыгы вируска атайын жабдуулар менен текшерилип жатат. Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата коронавирус катталган жок.