Барселонадагы Саграда Фамилия чиркөөсү көрүүчүлөр үчүн кайрадан ачылды

Барселонадагы Саграда Фамилия чиркөөсү көрүүчүлөр үчүн кайрадан ачылды.

Бул жайга эң биринчи кезекте ишемби жана жекшемби күндөрү COVID-19га каршы

күрөшкөн дарыгерлер үчүн турлар уюштурулат. Андан кийин полиция кызматкерлери жана

кайрымдуулук менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарда иштегендер киргизилет.

Алардан кийин гана барселоналыктардын кирүүсүнө уруксат берилет. Ал эми жергиликтүү жана

чет өлкөлүк туристтердин киришине үчүнчү баскычта гана уруксат берилмекчи.