Бир катар өлкөлөр коронавируска байланыштуу кайрадан чектөөлөрдү киргизип жатат. Алсак, Израилдин бийлиги спорттук зал, кафе-ресторандарын жабуу чечимин кабыл алды. Испанияда болсо пляждар жабылып жатат.
Анткени, аларда социалдык аралык сакталбай калган. Австралияда эки ири штаттын ортосундагы чек ара жабылып жатат.