Россия дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөнү ЕАЭБ мамлекеттери үчүн алып салды

Россия дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөнү ЕАЭБ мамлекеттери үчүн алып салды. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россия элчилигинен билдиришти.

 

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, кеп буудай, сулуу, арпа жана жүгөрү тууралуу болуп жатат. Аталган азыктарды ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоо үчүн Россиянын Айыл-чарба министрлиги тарабынан берилген атайын уруксат кагазы талап кылынат.